Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2025-жылдын 17-июнунда Вена шаарында өткөн ОПЕК өнүгүү форумуна катышты. Кыргыз Республикасынын делегациясын каржы министри Алмаз Бакетаев жетектеди.
«Жашыл-көк келечекке карай: инфраструктураны жаратылыш призмасы аркылуу кайра карап чыгуу» аттуу пленардык сессияда Чоро Сейитов климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши шартында инфраструктуралык долбоорлордо туруктуулукка жана жаратылышка багытталган чечимдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Форумдун негизги жыйынтыктарынын бири — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ОПЕК Фондунун ортосунда өнөктөштүк боюнча Рамкалык макулдашууга кол коюу болду. Бул документ гидроэнергетикадан тарта чакан жана орто бизнести колдоого чейинки артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга эл аралык каржылык ресурстарга жетүүнү камсыздайт.
ОПЕК Фонду Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыкты жандандырууга даяр экендигин билдирип, өлкөгө жакын арада сапар менен келүүгө чакырууну кабыл алды.