Ишкердик субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Новости
19-Июнь 2025-ж.
265

2025-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан экинчи жана үчүнчү окууда «Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынды.

Мыйзам долбоору калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтууга багытталган, атап айтканда:

– 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон салык карызын эсептен чыгаруу;

– Кыргыз Республикасынын аймагынан айыл чарба жаныбарларын (кой-эчки жана бодо малды) экспорттоодо (сатууда) түзүлгөн салык калдыгынын суммасынын 80 пайызын, ошондой эле эсептелген туумдун жана салыктык санкциянын 100 пайызын эсептен чыгаруу;

– 0,5 пайыз өлчөмүндөгү ставка менен соода ишин жүргүзгөн субъекттер үчүн жылына түшкөн акчанын көлөмүнүн жол берилген чегин 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин көбөйтүү;

– зер буюмдарын өндүрүү жана/же сатуу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер үчүн 0,25 пайыз өлчөмүндө ставканы белгилөө;

– жеке ишкерлердин айрым категориялары үчүн Бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу берүү мүмкүнчүлүгү;

– чакан жана орто бизнеске карата өткөн мезгилдер үчүн эсептелген киреше салыгы боюнча карыздарын эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароо менен товарларга баштапкы эсеп документтери жок болгон учурда киреше салыгы боюнча салык санкциясын колдонбоо боюнча;

– салык милдеттенмелерин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу боюнча мөөнөттөр, ошондой эле туумдардан жана салык санкцияларынан бошотуунун өлчөмдөрү көбөйтүлдү;

– баштапкы эсеп документтери жок сатылып алынган товарлар боюнча салык агенти катары киреше салыгын төлөө жана кармап калуу боюнча милдеттенмелерди жайылтпоо боюнча;

– транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюу боюнча;

– 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган, транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан бошотуу;

– айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын 2030-жылдын 31-декабрына чейин узартуу;

– 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу;

– жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттердин дарегине товарларды сатууда салыктардын ставкаларын төмөндөтүү;

– салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн чет өлкөгө чыгууга чектөөнү алып салууну жөнөкөйлөтүү

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жана “Ишкердик субъекттерин колдоо жана салыктарды ставкаларын жана салыктык администрациялоону оптималдаштыруу чаралары жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.


Онлайн кайрылуу