Бакыт Сыдыков ЭКУ Соода жана өнүктүрүү банкынын делегациясын кабыл алды

Новости
13-Июнь 2025-ж.
392

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Соода жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Ахмет Тутал жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул сапар Банктын Кыргыз Республикасына жасаган алгачкы расмий иш сапары болуп саналат жана ал эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле өлкөнүн финансылык-экономикалык потенциалы менен таанышуу максатында уюштурулду.

Иш сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде, Улуттук банкта, «Өнүгүү мамлекеттик банкы» ААК, «Демир банк» ЖАК, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунда, «Байлык Финанс» МФК ЖАК, «Кыргызкоммерцбанк» ААК жана «Кыргыз-Швейцария банкы» ЖАК өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле финансылык кызматташууну чыңдоонун механизмдерин талкуулашты. Сапардын жыйынтыгында «Өнүгүү мамлекеттик банкы» ААК менен ЭКУ Соода жана өнүктүрүү банкынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Маалымат үчүн:

ЭКУ Соода жана өнүктүрүү банкынын катышуучу өлкөлөрү: Түрк Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Афганистан Ислам Республикасы, Азербайжан Республикасы жана Кыргыз Республикасы.

Банк мүчө мамлекеттерде мамлекеттик жана жеке секторлорго инвестиция тартууну, кызматташууну өнүктүрүүнү жана жумушчу орундарын түзүүнү максат кылган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдойт.

etdb.org

Онлайн кайрылуу