#КРЭКМ билдирет: БУУ ЭСКАТО уюмунун Кагазсыз соода боюнча кеңешинин 4-жыйынынын алкагында Кыргызстан Кеңештин Төрагалыгына кайрадан бир добуштан шайланды.
Бангкок шаарындагы БУУ Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) штаб-квартирасында өтүп жаткан иш-чарага мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана техникалык агенттиктердин өкүлдөрү чогулуп, соода жол-жоболорун санариптештирүү боюнча жетишкендиктерди жана электрондук маалыматтар менен чек аралар аралык алмашууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын БУУ ЭСКАТО уюмунун Кагазсыз соода боюнча кеңешинин Төрагалыгына кайрадан бир добуштан шайланышы — өлкөнүн кагазсыз сооданы өнүктүрүүдөгү туруктуу жана конструктивдүү ролуна жогору баа берилгенин, ошондой эле ЭСКАТО алкагындагы региондук кызматташууну өнүктүрүүгө активдүү катышып жатканын тастыктайт.
Кагазсыз соода жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов БУУ Башкы катчысынын орун басары, ЭСКАТО уюмунун Аткаруучу катчысы айым Армида Сальсиха Алисджабана жана ЭСКАТО Секретариатынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар мындан аркы өз ара кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде:
• региондогу өлкөлөрдүн кагазсыз соода системасына катышуусун кеңейтүүсүн;
• электрондук соода документтери менен алмашуу жана өз ара таануусун;
• Кыргыз Республикасынын 2025–2027-жылдарга карата Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук планын (СЖЖУП) ишке ашыруусун талкулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында СЖЖУП Улуттук планын ишке ашырууда ЭСКАТО Секретариатынын колдоосу көрсөтүлөрү боюнча макулдашуу жетишилди жана ачык, туруктуу жана конструктивдүү кызматташуунун принциптерине өз ара берилгендик тастыкталды.
Жолугушуунун соңунда Султан Ахматов Алисджабана айымды жана ЭСКАТО өкүлдөрүн 2025-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында жогорку деңгээлдеги өтө турган ЖОАТ (ЦАРЭС) министрлер жолугушуусуна катышууга чакырды.