2015-жылдын 9-11-декабрында курамында: Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор, Кыргыз аккредитация борбору, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик метрологиялык инспекция болгон Кыргыз Республикасынын делегациясы Ереванда (Армения Республикасы) болуп өткөн КМШ мүчө-мамлекеттеринин Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча ЭАКтын 48-жыйынына катышты.
Жыйындын жыйынтыктары боюнча Протоколго кол коюу күтүлүүдө.