Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата, ошондой эле алардын үзүрлүү жана үзгүлтүксүз эмгегин, жогорку кесипкөйлүгүн жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу иретинде, Экономика жана коммерция министрлигинин бир катар кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 4-июнундагы №120-л буйругунун негизинде, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге узак жылдар бою ак ниет кызмат өтөгөндүгү, кесиптик чеберчилиги жана кызматтык милдеттерин аткарууда жогорку натыйжаларга жетишкени үчүн сыйлыктар ыйгарылды.
Сыйлыктарды министр Бакыт Сыдыков жеке өзү тапшырып, кесиптик майрамы менен куттуктап, жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө мыкты кызматкерлерди сыйлоо — бул алардын жеке жетишкендиктерин гана эмес, министрликтин жалпы жамаатына болгон терең урмат-сыйды билдирерин белгиледи.