Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентине караштуу Администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана КР экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов жетектеген делегация Ташкент шаарындагы Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборунда (CAEx) өткөн Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна (ТЭИФ) катышты.
Сапар Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын маанилүү бөлүгү болуп, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү менен биргеликте «Чакан жана орто ишканалар (ЧОИ): экономикалык өсүштүн негизи» темасындагы панелдик сессияга катышты.
Сессиянын алкагында ЧОИни колдоонун механизмдери, чек ара аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана ишкердиктин улуттук экономикалардын туруктуу өнүгүүсүнө тийгизген таасири талкууланды.
Форумдун алкагында Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалына арналган Биринчи улуттук көргөзмөгө өзгөчө көңүл бурулду. Көргөзмөгө мунай-химия, машина куруу, электр техникасы, курулуш, металлургия, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана башка тармактарды камтыган 90го жакын компания катышты.
Ташкент эл аралык инвестициялык форуму Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана улуттук экономикалык кызыкчылыктарды эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду.