Бакыт Сыдыков Тимур Турлов менен жолугушуп, Бишкекте Freedom Broker кеңсесинин ачылыш аземине катыш

Новости
11-Июнь 2025-ж.
1374

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Freedom Holding Corp. компаниясынын аткаруучу директору Тимур Турлов менен иш жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда министр компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, жакынкы келечектеги кызматташтыктын багыттарын талкуулады.

Тараптар Кыргызстанда көрсөтүлө турган кызматтарды кеңейтүү, инвестициялык активдүүлүктү күчөтүү жана заманбап финансы жана санариптик чечимдерди киргизүү пландарын белгилешти.

Ошол эле күнү Бишкекте Freedom Broker кеңсесинин расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү фонддорунун, банк секторунун, ири улуттук компаниялардын өкүлдөрү жана инвесторлор катышты.

Ачылыштын алкагында #КРЭКМ караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Freedom Holding Corp. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты – өлкөнүн финансы рыногунун инфраструктурасын өнүктүрүү, финансы кызматтарын санариптештирүү, инновациялык чечимдерди киргизүү жана калктын инвестициялык маданиятын жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Freedom Broker компаниясынын директору Медет Назаралиев компаниянын алдыдагы пландары жана Кыргызстандын фондулук рыногунун келечеги тууралуу айтып берди.

Тараптар өз ара урматтоого негизделген кызматташууну улантууга, маалымат алмашууга, инвестиция тартууга жана каржы рыногуна кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган демилгелерди чогуу иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Маалымат үчүн:

Freedom Broker компаниясы 2024-жылдын август айында Кыргыз Республикасында брокердик ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алган. Компания Кыргыз фондулук биржасынын соода катышуучусу болуп эсептелет. Жогорку технологиялуу санариптик чечимдердин аркасында Кыргызстандын жеке инвесторлору, ишкерлер жана финансылык институттар NYSE, NASDAQ, LSE жана башка дүйнөлүк биржаларда түздөн-түз акциялар, облигациялар жана башка куралдар менен соода жүргүзө алышат.

Онлайн кайрылуу