Бишкек шаарында Дүйнөлүк банктын Elevate Global Access Through E-Commerce (E-GATE) in Central Asia программасынын алкагында электрондук соода боюнча жыйынтыктоочу аймактык конференция өттү.
Бул иш-чара буга чейин Дүйшөмбү жана Ташкент шаарларында өткөн конференциялардын жыйынтыктоочу этабы болуп, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын, санариптик платформалардын жана ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрүн бириктирди.
Конференциянын катышуучуларына #КРЭКМ өкүлү Марс Жылдызев куттуктоо сөзүн айтты:
«КР ЭКМ атынан сиздерди “электрондук соода аркылуу глобалдык жеткиликтүүлүк жана регионалдык интеграция” темасына арналган конференцияда тосуп алганыма кубанычтамын. Электрондук соода бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикалык стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. 2024-жыл ичинде ички электрондук соода рыногунун көлөмү 359,2 миллион АКШ долларын түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 14,3%га өстү. Болжолдорго ылайык, 2028-жылга чейин бул көрсөткүч 600 миллион долларга жетиши мүмкүн — бул сандык экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн айгинелеп турат.»
E-GATE программасы электрондук сооданы өнүктүрүү, экспорттук логистиканы жакшыртуу, санариптик инфраструктураны жана нормативдик базаны өркүндөтүү аркылуу чакан жана орто бизнестин дүйнөлүк рынокторго жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган
Долбоор Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагында Дүйнөлүк банктын колдоосу жана Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана өнүктүрүү министрлигинин (FCDO) каржылоосу менен ишке ашырылууда. Кыргызстанда долбоорду ишке ашырууну «Kyrgyz Export» борбору жана Электрондук соода ассоциациясы колдойт.
Кыргызстан бул демилгени ишке ашырууга активдүү катышууда:
• өлкөнүн 26 чакан жана орто ишканасы Alibaba.com эл аралык платформасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту;
• алар атайын окуудан өтүп, техникалык колдоо жана тышкы рынокторго чыгуу боюнча жеке консультацияларды алышты;
• бир нече айдын ичинде ондогон жаңы рынокторго чыгышты;
• 1 миллион АКШ долларынан ашык суммадагы экспорттук келишимдерди түзүштү же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Программанын катышуучулары экспортко багытталган: текстиль, бал, кургатылган мөмө-жемиштер, косметика жана башка тармактарды көрсөтөт. Жеткирүү географиясы азыркы учурда Азия, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн камтыйт.
Бишкек шаарында өткөн конференцияда:
• экспорттук потенциалды кеңейтүү;
• электрондук соодадагы тоскоолдуктарды жоюу;
• жеткирүү чынжырларынын туруктуулугу жана логистикалык чечимдер;
• регион үчүн жалпы санариптик платформа түзүү талкуланды.
E-GATE программасы реалдуу экономикалык жыйынтыктарды берүүдө:
• Тажикстанда 16 млн АКШ долларына жакын экспорттук келишимдер түзүлгөн;
• Өзбекстанда экспорт он жаңы өлкөгө чейин кеңейген;
• Программанын 2024-жылдын май айынан бери Борбор Азия боюнча экспорттук келишимдердин жана сүйлөшүүлөрдүн жалпы көлөмү 23 млн АКШ долларынан ашкан.
Программа аялдар менен жаштарды тартууга өзгөчө көңүл бурат: долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгында жаңы жумуш орундары түзүлүп, алардын көпчүлүгү аялдар тарабынан ээленди.
Бишкектеги иш-чаранын жыйынтыгында үч өлкөнүн электрондук соода ассоциациялары улуттук өкмөттөргө биргелешкен кайрылуу менен чыгышты — электрондук соода тармагында региондун келечектеги экономикалык өсүшүнүн негизги багыты катары жөнгө салуучу жана инфраструктуралык тоскоолдуктарды жоюп, кызматташууну күчөтүүгө чакырышты.