КР Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки өнүгүү боюнча Улуттук программасы жөнүндө» № 178 Жарлыкка кол койду.
Программа кеңири реформалар курсун улантуу жана жаңы глобалдык жана региондук чакырыктар шартында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында бекитилди.
Улуттук программа — бул жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга, инклюзивдүү экономикалык өсүшкө жетишүүгө жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган стратегиялык документ болуп эсептелет.
Программа жетишилген жыйынтыктарга жана учурдагы чакырыктарга анализ жүргүзүү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына таянып түзүлгөн.
Программанын негизги максаттуу көрсөткүчтөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
1. Калктын жан башына эсептелген ИДП — 4 500 АКШ долларына чейин.
2. ИДП жалпы көлөмү — 30 млрд АКШ доллардан кем эмес.
3. ИДП реалдуу өсүү темпинин орточо жылдык деңгээли — 8 %.
4. Өлкөнүн Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши.
5. Адамдык өнүгүү индекси боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингинде 10 позицияга жогорулашы.
6. Жумушсуздуктун деңгээли — 5 % ашпайт.
7. 2030-жылы негизги капиталга инвестициялардын ИДПга карата көлөмү — 20 % кем эмес.
8. Мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү ИДПга карата 60%га чейинки деңгээлде.
Программа өнүгүүнүн төрт стратегиялык багытына өзгөчө көңүл бурат:
– Индустриализация — заманбап өнөр жай базасын өнүктүрүү, кайра иштетүүнүн үлүшүн көбөйтүү, технологияларды киргизүү жана кластердик ыкманы колдонуу.
– Кыргызстан аймактык хаб катары – өлкөнү Кытай, ЕАЭБ өлкөлөрү жана Түштүк Азиянын ортосундагы логистикалык, соода жана транзиттик борборго айландыруу.
– Айыл чарба жана туризм — азык-түлүк коопсуздугуна жана экспортко басым жасоо менен агрардык секторду туруктуу өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик индустрияны түзүү.
– Жашыл энергетика — кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн жогорулатуу, гидроэнергетиканы жана жаңы энергетикалык чечимдерди өнүктүрүү аркылуу энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү.
Мындан тышкары Программа төмөнкүдөй чараларды камтыйт:
– мамлекеттик башкаруу жана стратегиялык пландаштыруу реформасы;
– экономиканы жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү;
– адам капиталын өнүктүрүү;
– чакан жана орто бизнести колдоо;
– макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу;
– климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана экосистемалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралар.
Программаны ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана жарандык коомдун катышуусу менен жүргүзүлөт. Координациялоо жана контролдоо үчүн программаны башкарууга системалуу мамиле, анын ичинде стратегиялык артыкчылыктарга мониторинг, баа берүү жана корректировкалоо каралган.