#КРЭКМ жаңы кызматтык унааларды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземи өттү

Новости
09-Июнь 2025-ж.
209

Бүгүн Эски аянтта Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана ага караштуу ведомстваларга  жаңы кызматтык унааларды расмий тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев министрликтин кызматкерлерин автопарктын жаңыланышы менен куттуктап, жер-жерлерде иштин мобилдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жаңы унаалардын бирин жеке өзү көрүп чыгып, анын ыңгайлуулугун жана заманбап талаптарга жооп берерин белгиледи.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өз сөзүндө Өкмөткө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, автопарктын жаңыланышы министрликтин борбордук аппаратына жана ведомстваларга коюлган милдеттерди ыкчам жана сапаттуу аткаруусуна өбөлгө түзөрүн айтты.

Автопаркты жаңылоо жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында экономика блогунун органдарына жалпы 26 кызматтык унаа тапшырылды. Алардын бардыгы – өлкөдө чогултулган унаалар.

Жаңы унаалар министрликтин борбордук аппаратына жана ага караштуу ведомстваларга:

• Регионалдык башкармалыктарга,

•Банкроттук иштер боюнча департаментке,

•Тышкы соода чөйрөсүндөгү Бирдиктүү терезе борбору,

•Адал индустриясын өнүктүрүү боюнча борборунана,

• Туризм департаментине,

•Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына,

• «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик ишканасына,

• Аккредитация борборуна,

•Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына,

• Стандартизация жана метрология борборуна

бөлүштүрүлдү.

Бул унааларды тапшыруу иш сапарлардын, мониторинг жана көзөмөл иштеринин, аймактарга чыгуулардын, бизнес жана калк менен өз ара аракеттенүүнүн  аткарылышын камсыздоого багытталган. Ошондой эле бул кадам мамлекеттик сектордун оң имиджин калыптандырууга жана өлкөдө чогултулган унааларга болгон суроо-талапты арттырууга өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу