Соодадагы инновацияларды жана технологияларды ишке киргизүүнү эмне токтотуп жатат

Новости
07-Декабрь 2015-ж.
2104

«Кыргыз Республикасындагы электрондук документ жүгүртүүнү илгерилетүүнүн чакырыктары жана сабактары. Соодадагы инновацияларды жана технологияларды ишке киргизүүнү эмне токтотуп жатат? Тышкы соода чөйрөсүндө «бир терезе» долбоорун ишке ашыруу». Мына ушундай аталыштагы тегерек стол Бишкек шаарында соода операцияларындагы компаниялардын өкүлдөрү, бажы брокерлери, логистикалык компаниялардын жеткирүүчүлөрү, тышкы сооданы жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын, көзөмөл жүргүзүүчү мыйзам чыгаруучу органдардын , укук коргоо органдарынын (Жогорку Кеңеш, Финкөзөмөл, Башкы прокуратура, Улуттук банк, КР Экономика министрлиги, КР Финансы министрлиги, КРӨ караштуу Электрондук башкаруу боюнча мамлекеттик борбор, КР МКК караштуу Маалком МИ) өкүлдөрү катышуусу менен болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу