DRV менен болгон дистинациялык форум: стратегиялык өнөктөштүктүн башаты

Новости
05-Июнь 2025-ж.
142

2025-жылдын 5-июнунда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Германиянын Туризм ассоциациясынын (DRV) делегациясынын Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында уюштурулган «Туризмди өнүктүрүүнүн жаңы перспективалары» аттуу дестинациялык форум болуп өттү.

Форумду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев расмий ачып, өз сөзүндө туризмди туруктуу өнүктүрүү эл аралык өнөктөштүк контекстинде өзгөчө мааниге ээ экенине ишенимин билдирди. Форумга ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Султан Ахматов да катышты.

Форумдун катышуучуларынын жалпы саны 120дан ашып, алардын катарында Германиядан келген туроператорлор, Кыргызстандын туризм тармагындагы негизги уюмдар, эл аралык долбоорлор, инвесторлор жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү болду.

Форумду даярдоонун негизги координатору катары #КРЭКМ, Туризм департаменти, Туризм фонду, КАТО, GIZ жана Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен биргеликте иш алып барып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу үчүн натыйжалуу платформа түздү.

Белгилей кетчү жагдай, Форум Кыргызстанга келген 60тан ашуун алдыңкы немис туроператорлору үчүн өтө мазмундуу программанын кульминациясы болду. Алар Бишкек шаары, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустары сыяктуу негизги туристтик аймактарга барышып, өлкөнүн уникалдуу жаратылыш кереметтери жана маданий мурасы менен таанышышты. DRV делегациясынын мүчөлөрү Кыргызстанда активдүү, экологиялык жана таанып-билүү туризми үчүн чоң потенциал бар экенин белгилешип, мындан аркы диалогго жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга даяр экендигин билдиришти.

Форумдун өткөрүлүшү эл аралык кызматташуунун маанилүү этабынын логикалуу жыйынтыгы болуп, Кыргызстанды дүйнөлүк туристтик аренада илгерилетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция минрстрлиги бул форумдун алкагында жетишилген макулдашуулар жана түзүлгөн өнөктөштүктөр өлкөгө европалык инвестицияларды тартуу жана туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп берет деп ишенет.

Онлайн кайрылуу