Бакыт Сыдыков жана Беатрис Мазер Кыргызстандын негизги экономикалык артыкчылыктарын талкуулашты

Новости
05-Июнь 2025-ж.
121

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Беатрис Мазер менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Министр өлкөдөгү социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берди. Бул артыкчылыктар туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, ишкердикти колдоого жана экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушуу учурунда өзгөчө көңүл энергетика секторундагы стратегиялык инвестициялык долбоорлорго, анын ичинде ири гидроэлектростанцияларды курууга бурулду. Приоритеттүү долбоорлордун арасында “Камбар-Ата ГЭС–1” өзгөчө белгиленип, анын ишке ашырылышы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экени белгиленди.

Бакыт Сыдыков чакан жана орто бизнести колдоо мамлекеттин экономика өсүшүн стимулдаштырууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон кала турганын баса белгиледи. Ал ошондой эле Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу Жазгы жыйындарынын алкагында чакан жана орто ишканаларды колдоого жана жашыл каржылоо механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган 120 млн АКШ доллар суммасындагы келишимге кол коюлганын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Беатрис Мазер институттун артыкчылыктуу инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын илгерилетүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана Кыргыз Республикасында туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүгө жетишүү максатында өнөктөштүктү чыңдоого болгон өз ара кызыгуусун тастыкташты.

Онлайн кайрылуу