КМШ өлкөлөрү өнөр жай кызматташтыгынын жаңы багыттарын аныкташты

Новости
05-Июнь 2025-ж.
84

Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча Кеңешинин он биринчи жыйынына катышты. Жыйын КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алдынан өттү.

Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин, КМШнын Аткаруу комитетинин, ошондой эле илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө өнөр жай кызматташтыгынын перспективдүү багыттары, анын ичинде тоо-металлургия тармагын, химиялык өнөр жайды, мунай-газ машиналарын куруу секторун өнүктүрүү жана жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында өнөр жай тармагында интеграциялык кызматташуунун стратегиясын аныктаган негизги документтер – энергетика тармагындагы кызматташтык Концепциясы жана 2035-жылга чейинки Иш-чаралар планы бекитилди.

Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан демилгеленген 2030-жылга чейинки КМШ алкагында өз ара инвестицияларды стимулдаштыруу боюнча чаралар комплекси сунушталды.

Улуттук илимий-изилдөө борбору «Курчатов институту» келечектүү материалдарды өндүрүү жана тоо-металлургия тармагын санариптик трансформациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү концепцияларынын долбоорлорун тааныштырды. Бул демилгелерди ишке ашыруу КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жай потенциалын арттырары күтүлүүдө.

Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир Кеңештин төрагасы болуп бир добуштан кийинки мөөнөткө шайланды.

КМШнын өнөр жай саясаты боюнча Кеңешинин кийинки жыйыны 2026-жылы Казакстан Республикасында өтөт.

Онлайн кайрылуу