2025-жылдын 17-майынан 31-майына чейин Кытай Эл Республикасынан келген эксперттер делегациясынын Кыргыз Республикасына сапары уюштурулуп, анын алкагында КЭР Өкмөтүнүн гранттык жардамынын негизинде саламаттыкты сактоо инфратүзүмүн өнүктүрүү, атайын техникаларды жеткирүү, жол жана бажы инфратүзүмүн жаңыртуу жана башка багыттар боюнча пландалып жаткан долбоорлорду илгерилетүү үчүн алдын ала изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Пландалып жаткан долбоорлор калктын жашоо сапатын жакшыртууга, өлкөнүн негизги өнүгүү багыттарын колдоого жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүүгө багытталган.
Сапардын алкагында министрлик тарабынан тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, ошондой эле тараптар пландап жаткан долбоорлорду талкуулоо үчүн кытай делегациясынын Ош шаарына сапары уюштурулду. Сапардын жүрүшүндө делегация Кытай Эл Республикасынын гранттык жардамынын алкагында мурда курулган Ош шаардык клиникалык ооруканасынын учурдагы абалы жана ишмердүүлүгү менен да таанышып, бул буга чейин ишке ашырылган биргелешкен демилгелердин натыйжалуулугун ачык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Сапардын жыйынтыгында тараптар Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.