Өсүү жана жумуш менен камсыз кылуу форуму: Бакыт Сыдыков де-бюрократиялаштырууну туруктуу өсүштүн негизги фактору катары белгиледи

Новости
05-Июнь 2025-ж.
136

Бүгүн, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Юстиция министрлиги, Президенттин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту жана Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган Өсүү жана жумуш менен камсыз кылуу форуму болуп өттү. Форум мамлекет, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр ортосундагы экономикалык реформалар жана жумуш орундарын көбөйтүү маселелерин талкуулай турган ачык диалог аянтчасына айланды.

Пленардык сессияда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этерин белгиледи:

«Биз мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугунан улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү түздөн-түз көз каранды болгон доордо жашап жатабыз. Ошондуктан бүгүн биз реформаларды жөн гана талкуулабастан, бизнес үчүн тоскоол эмес, өнөктөш болгон мамлекетти кура турган келечекти түзүп жатабыз», — деди министр.

Экономика жана коммерция министрлиги де-бюрократиялаштырууну өлкөнүн структуралык трансформациясынын негизги өзөгү катары аныктады. Бакыт Сыдыков реформанын алты негизги багытын сунуш кылды:

 1. Байкоочу жана көзөмөлдөөчү органдарды оптимизациялоо — көзөмөл органдарынын саны 17ден 7ге чейин кыскартылып, алар функционалдык блоктор боюнча бириктирилет. 2025-жылдын биринчи кварталында 500дөн ашык текшерүү ашыкча деп табылып, токтотулган.

 2. Уруксат берүүчү жүктү азайтуу — 2025-жылдын март айында 6 лицензия жана 2 уруксат кагазы жокко чыгарылган мыйзам кабыл алынды. Бардык уруксат берүүчү документтерди толук инвентаризациялоо жүрүп жатат. Ошондой эле лицензиялык комиссияларды жоюу жана электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү аркылуу талап кылынган документтердин тизмесин кыскартуу сунушталууда.

 3. Ишкерлерди тейлөө борборлорун (ИТБ) модернизациялоо — Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ИТБнин санариптик трансформациясы башталды. Бул — бизнес-процесстерди кайра карап чыгуу, аймактарда филиалдарды ачуу жана «бир терезе» форматына өтүү дегенди билдирет.

 4. Нормативдик чөйрөнү жөнөкөйлөтүү — жөнгө салуучу таасирди талдоо методологиясы кайра каралып жатат. Процедуралар жеңилдеп, ылдамдап, ачык болуп калат.

 5. Санариптештирүү — электрондук кызматтардын жана документ жүгүртүүнүн киргизилиши мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтүн кыскартып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууда.

 6. Инвесторлор менен иштөө — министрлик Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин ишине активдүү катышууда. Ал жерде бизнес тараптан түшкөн түз суроо-талаптардын негизинде тоскоолдуктар жоюлууда.

Форум көрсөткөндөй, де-бюрократиялоого негизделген активдүү структуралык трансформациясыз натыйжалуу, ачык жана өсүүгө багытталган экономиканы куруу мүмкүн эмес.

#КРЭКМ өзүнүн реформатордук күн тартибин ишке ашырууну бизнес жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта улантат.

Онлайн кайрылуу