КР Экономика жана коммерция министрлиги (ЭКМ) Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен биргеликте жана Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун аткарылышы боюнча аралык жыйынтыктарды сунуштады.
Бул долбоор соода башкаруусун чыңдоого, мекемелердин потенциалын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоо өлкөнүн регионалдык жана глобалдык рынокторго тереңирээк интеграцияланышына көмөктөшүү максатында саясий, институционалдык жана микро деңгээлдерде сооданы колдоо механизмдерин өнүктүрүү жана реформаларды илгерилетүү аркылуу ишке ашууда. Анын ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыттар менен, анын ичинде АӨКтү өнүктүрүү боюнча Президенттин Жарлыгы, 2025–2028-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү программасы жана 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасы менен тыгыз байланышта.
Долбоордун айрым негизги жетишкендиктери:
• 270тен ашык микробизнес, чакан жана орто ишкерлик субъекттерине, өзгөчө эмгек сыйымдуу, “жашыл” жана экспортко багытталган тармактарда, колдоо көрсөтүлгөн;
• 120дан ашык аял ишкерлер өндүрүмдүүлүк, киреше жана экспорт көлөмүнүн өсүшүн белгилешти;
• Макродеңгээлде төмөнкү негизги документтерди иштеп чыгууга көмөк көрсөтүлгөн:
• Экспортту өнүктүрүү программасы (2025–2028),
• Туризм секторунун туруктуу өнүгүү стратегиясы (2025–2030),
• Жашыл экономиканын программасынын долбоору, соода субсидиялары жана электрондук соода жаатындагы нормативдик демилгелер;
• Экспортту илгерилетүү борбору, Туризм департаменти, Мамлекеттик бажы кызматы сыяктуу 15тен ашык мамлекеттик жана тармактык мекемелердин потенциалы жогорулаган;
• Рыноктук анализ жана эл аралык иш-чараларга катталуу куралдарын камтыган улуттук экспорттук платформа — export.gov.kg жаңыланган;
• Кыргыз компанияларынын 10 эл аралык соода-туристтик көргөзмөлөргө катышуусунун жыйынтыгында жалпы 9,76 миллион АКШ долларынан ашык суммада экспорттук келишимдерге кол коюлган.
Жергиликтүү деңгээлде долбоор “жашыл”, экспортко багытталган кошумча нарк чынжырларында — бал, кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгактар, кол өнөрчүлүк буюмдар өндүрүшү жана укмуштуу туризм секторунда иш алып барган ишкерлерди колдоо менен камсыздады. Бул багыттарда реалдуу жыйынтыктар байкалууда:
• экспорт көлөмүнүн орточо 23%га өсүшү,
• 184 жаңы жумуш орунунун түзүлүшү,
• аял ишкерлердин сатуу көлөмүнүн 17%га көбөйүшү.
«Соода – бул туруктуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири бойдон калууда, айрыкча деңизге чыгуусу жок өлкөлөр үчүн, мисалы, Кыргызстан сыяктуу. “Соодага көмөктөшүү” долбоору реформаларга жана экспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп гана тим болбостон, чакан жана орто бизнеске чыныгы пайда алып келди. Сунушталган жыйынтыктар биздин туруктуу жана инклюзивдүү өсүшкө умтулуубузду тастыктайт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов.
«Соодага көмөктөшүү» долбоору БУУӨП тарабынан #КРЭКМ менен өнөктөштүктө жана Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Инициатива өлкөдөгү туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө, “жашыл” кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишканалардын экспорттук потенциалын чыңдоого жана сооданы колдоо институттарын өркүндөтүүгө багытталган.