2025-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резиденциясында өтө турган «Туризмди өнүктүрүүнүн жаңы келечектери» аттуу дестинациялык форумдун алкагында, 30-майда өлкөбүзгө Германиянын туристтик индустриясындагы Deutscher Reiseverband (DRV) ассоциациясынын делегациясы келди.
Бул деңгээлдеги жогорку делегациянын келиши Кыргыз Республикасын Европанын туристтик рыногунда уникалдуу багыт катары таанытууда жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө маанилүү кадам болду.
DRV дестинациялык форуму Кыргызстандын Туристтик уюмдар ассоциациясы (КАТО) менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) биргеликте уюштурулуп, иш-чара Кыргызстандын аймагында 30-майдан 5-июнга чейин өтөт.
Форумду уюштурууга жана өткөрүүгө жигердүү катышкан мекемелердин катарында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) менен GIZ болуп, транспорт менен камсыздап, регионалдык сапардын программасын иштеп чыгууга жана туруктуу туризм жаатындагы демилгелерди илгерилетүүгө салым кошушту.
Делегацияны кабыл алуу жана өлкө боюнча турду уюштуруу иштерин Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү колдоо фонду, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы (КАТО) аткарды.
Сапардын биринчи күнү Бишкек менен тааныштыруу программасынан башталып, андан кийин делегация «Кыргыз Темир Жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын ВИП-поезди менен Балыкчы шаарына жөнөп, ал жерде конокторду калаа башчысы тосуп алып, шаар боюнча экскурсия уюштурду. Андан соң делегация бир нече аймактарга сапар алды, анын ичинде Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Токмок, Чоң-Кемин жана Кочкорду кыдырып, өлкөнүн маданий мурастары, жаратылыш кереметтери жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыкты.
Сапардын бардык этаптарында конокторду Туризм фонду, Туризм департаменти, КАТО жана GIZ өкүлдөрү коштоп жүрүп, жолугушууларды, экскурсияларды жана маданий программаларды уюштурушту.
Коноктор Кыргызстандын туристтик потенциалына жогору баа беришип, активдүү, экологиялык жана маданий туризмдин чоң мүмкүнчүлүктөрүн өзгөчө белгилешти. DRVнин өкүлдөрү бул багыттын келечектүүлүгүнө ишеним артып, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыгуусун билдиришти.
Алдыда өтө турган «Туризмди өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу форум Кыргызстан менен эл аралык туристтик коомчулуктун кызматташтыгын талкуулоодо негизги аянтча болот. Уюштуруучулар бул сапар Европанын туроператорлорунун Кыргызстанга болгон кызыгуусун жана Кыргызстандын дүйнөлүк туризм рыногундагы жайгашуусуна көмөк көрсөтөрүн белгилешүүдө.
DRV делегациясынын сапары Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлдеги аброюн бекемдеп, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү туризмди өнүктүрүүгө түрткү берет.