Астанада Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын экономика жана соода министрлеринин экинчи Жолугушуусуна катышты.
Пленардык жыйында министр аймактагы өлкөлөр менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда туруктуу жана өз ара өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисине өзгөчө көңүл бурду.
Өз сөзүндө Бакыт Сыдыков соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун зарылдыгын белгилеп, «Борбордук Азия — Кытай» форматында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эскертти.
Кыргызстан экономикалык өз ара байланыштарды күчөтүүгө, ишкердик жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө,ошондой эле соода алакаларын кеңейтүүгө багытталган регионалдык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
КР ЭКМ «Борбордук Азия — Кытай» форматындагы узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүү жана аймактагы экономикалык туруктуулукту бекемдөө үчүн маанилүү платформа экенин белгилейт.