«Макро» супермаркеттер тармагындагы жолугушууда кыргыз компаниясы өз продукциясын тааныштырды, жогорку сапатын көрсөттү жана өнөктөштөрдөн оң баа алды.
Наманган, Андижан жана Фергана шаарларына биринчи сыноо партияларын жеткирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, консалтинг компаниясы менен сүйлөшүүлөрдө Өзбекстанда юридикалык жакты каттоо, ошондой эле температурасы көзөмөлдөнгөн кампаларды жана логистикалык борборду ачуу пландары каралды.
КР ЭКМ ички өндүрүүчүлөрдү активдүү колдоону улантып, эл аралык рынокторго кыргыз бренддерин чыгарып, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошууда.