Астанада өтүп жаткан Эл аралык форумдун алкагында Кыргызстан Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү келечегин, ошондой эле өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкчылык баса белгиленди.
Министр Бакыт Сыдыков Кыргызстан Казакстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп, эки элдин жыргалчылыгы үчүн туруктуу жана тең салмактуу өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.