Кызмат көрсөтүүлөр соодасындагы компетенцияны чыңдоо: #КРЭКМ ДСУ эксперттеринин катышуусунда улуттук семинар өткөрдү

Новости
29-Май 2025-ж.
117

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2025-жылдын 26-28-май күндөрү Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) Секретариатынан келген эксперттердин катышуусунда онлайн форматта кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча улуттук семинар өткөрдү.

Семинардын максаты — катышуучуларга кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча Генералдык макулдашуу (ГАТС) тууралуу негизги билим берүү, кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча эркин соода келишимдерин түзүүдө өзгөчө милдеттенмелерди пландаштыруу боюнча баштапкы көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги секторлорунда пландаштыруу маселелеринде маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат.

Семинар Кыргыз Республикасынын кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөргө тартылган мамлекеттик кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча Генералдык макулдашуунун түзүмү, эрежелери жана жоболору, кызматтарды жеткирүүнүн ыкмалары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле ДСУга мүчө мамлекеттердин өзгөчө милдеттенмелер тизмеси терең талданды.

Катышуучулар интерактивдүү тапшырмалардын негизинде өзгөчө милдеттенмелерди даярдоо жана пландаштыруу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту, бул келечектеги соода сүйлөшүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого өбөлгө түзөт.


Онлайн кайрылуу