Кыргызстан эл аралык иш-чараларда трансчек ара электрондук соода жаатындагы реалдуу жетишкендиктерин сунуштады

Новости
27-Май 2025-ж.
206

КР делегациясы Ташкентте өткөн E-BRIDGE жана E-GATE эл аралык иш-чараларына катышты. Аталган иш-чаралардагы тегерек столдо жана тематикалык конференцияда кыргыз тарап чек ара аралык электрондук соода жаатындагы реалдуу жетишкендиктерди тааныштырып, санариптик өнүгүү боюнча жаңы демилгелерди сунуштады.

#КРЭКМ атынан сүйлөгөн министрдин орун басары Султан Ахматов электрондук соода бүгүнкү күндө сезилерлик жыйынтыктарды берип жатканын белгиледи:

    Alibaba.com эл аралык платформасында 26 кыргыз компаниясы активдүү иш алып барууда;

    жалпы тастыкталган экспорттук келишимдердин суммасы 640 000 АКШ долларынан ашты;

    Өзбекстан, Казакстан жана Польша менен текстиль, азык-түлүк жана органикалык продукцияларды жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

«Электрондук соода — бул эми келечек эмес, бүгүнкү күндүн реалдуулугу. Кыргыз ишкерлер үчүн бул — экспортту жана өсүүнү камсыз кылуучу эффективдүү курал. Мындан да маанилүүсү, e-commerce Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикаларын бириктирген көпүрө болушу керек», — деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Кыргызстан бул багытта укуктук негиз түзгөн аймактагы алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет:

    2022-жылдан тартып өлкөдө «Электрондук соода жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди;

    электрондук бүтүмдөр жана санариптик кол тамгалар юридикалык жактан таанылган;

    санариптик идентификация, электрондук мамлекеттик кызматтар жана ишенимдүү ыйгарым укук берүүчү борборлордун инфраструктурасы киргизилген.

Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын мыйзамдары эл аралык стандарттарга жооп берип, чек ара аралык e-commerce үчүн туруктуу база түзүүдө.

Иш-чаранын алкагында жаңы демилге – Электрондук соода тармагындагы стартаптарды колдоо боюнча улуттук фонду тууралуу маалымат берилди. Султан Ахматов белгилегендей, бул фонд төмөнкү функцияларды аткарат:

    баштап жаткан ишкерлерге грант жана микрофинансылык колдоо көрсөтүү;

    окутуу программаларын, менторлук колдоону жана маркетплейстерге чыгуу жолдорун уюштуруу;

    Кыргызстанда түзүлүп жаткан Электрондук соода паркынын инфраструктурасына интеграциялоо.

Кыргызстан аймактагы санариптик интеграция процессине активдүү катышууга даяр экенин дагы бир жолу ырастап, мыйзамдык жана инфраструктуралык реформаларды илгерилетүүгө жана Борбордук Азиянын жалпы санариптик келечеги үчүн конкреттүү сунуштарды берүүгө даяр экенин билдирди.


Онлайн кайрылуу