Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик автоунааларды киргизүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө

Новости
27-Май 2025-ж.
214

#КРЭКМ, башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы каттаган транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү (алып келүү) боюнча учурдагы тартипке ылайык төмөнкү талаптар белгиленгендигин билдирет:

  1. Колдонуу аймагы 

018/2011 Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайык, Тартип рулдун жайгашкан жерине карабастан, M1, M1G, N1 жана N1G категориядагы транспорт каражаттарына жайылтылат.

  1. Чек арадагы каттоо

Бардык чет элдик транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалымат системаларына автоматтык түрдө интеграциялануучу Бирдиктүү сырткы миграцияны каттоо системасына (БСКМС) маалыматтарды киргизүү менен милдеттүү чек арадагы каттоодон өтүшү зарыл.

  1. Керектүү документтер

Каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берген документ;
  • транспорт каражатын каттоо күбөлүгү;
  • айдоочунун күбөлүгү;
  • транспорт каражатын ээлик кылуу, колдонуу же пайдалануу укугун тастыктаган документ.
  1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

Чет өлкөдө каттоодон чыгарылбаган, алардын каттоо белгиси бар транспорт каражаттары менен Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынат. Мындай транспорт каражаттарын чет өлкөдө каттоодон чыгарып, Кыргыз Республикасында каттоого коюлган гана учурда киргизүүгө уруксат берилет.

  1. Чет элдик жарандар үчүн

Чет элдик каттоо белгиси бар транспорт каражаттары 6 айга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасына кирүүгө уруксат берилет. Ушул мөөнөттөн кийин транспорт каражатын кеминде 30 календардык күнгө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу милдеттүү. (!) Мөөнөттөрдүн бузулушу КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу чараларын колдонууга алып келет.

  1. Кошумча талаптар

Мамлекеттик чек арадан өткөндөн кийин транспорт каражатынын ээси, жарандык укуктук жоопкерчиликти камсыз кылган камсыздандыруу полисин каттоого милдеттүү.

Онлайн кайрылуу