Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы: актуалдуу 100 суроого жооп» аттуу жыйнак жарык көрдү

Новости
27-Май 2025-ж.
157

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылы бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгуу боюнча жаңыланган методологиянын алкагында даярдалган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы: актуалдуу 100 суроого жооп» аттуу методикалык жыйнактын жарык көргөнүн маалымдайт.

Бул жыйнак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан СЭӨПти пландоо жана ишке ашыруу процессинде жаралган негизги суроолорду жана практикалык түшүндүрмөлөрдү системалаштырат. Анда алгоритмдик ыкма, маалыматтар менен иштөө, жарандардын катышуусу, бюджеттик процесске интеграциялоо жана «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу сыяктуу негизги темалар чагылдырылган.

Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жарандык сектордун өкүлдөрү жана жергиликтүү өнүгүү процессине катышкан бардык тараптар үчүн арналган.

Жыйнактын толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: ПСЭР_жыйнак.pdf

Онлайн кайрылуу