2025-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Франциянын MEDEF Ишкерлер кеңешинин делегациясы менен жолугушту.
Делегацияга курулуш, темир жол инфраструктурасы, энергетика, кайра калыбына келүүчү энергия булактары, консалтинг жана башка тармактарда иштеген ири француз компанияларынын өкүлдөрү кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын өнүгүү келечегин, өз ара пайда алып келе турган өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлорундагы инвестициялык долбоорлорду талкуулашты.
Министр өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы жана Кыргыз Республикасынын негизги өнүгүү перспективасы тууралуу презентациясын жасады. Айрыкча кен-металл тармагынын потенциалына, инфраструктуралык долбоорлорго жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалды.
Тараптар кызматташтыкты тереңдетүү жана Кыргызстан менен Франциянын ортосунда соода-ишкердик жана инвестицияларды жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызыгуу билдиришти.