Кыргызстан Франциянын делегациясын кабыл алууда

Новости
27-Май 2025-ж.
372

Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин карамагындагы тышкы соода жана чет өлкөдөгү француз жарандары боюнча ыйгарым укуктуу министри Лоран Сен-Мартен расмий иш сапары менен Кыргыз Республикасына келди.

Делегацияны Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Лоран Сен-Мартен жетектеген делегациянын курамында Франциянын бир катар алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү бар.

Иш сапардын алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулоо жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча бир катар жолугушуулар пландалган.

Онлайн кайрылуу