Экономика жана коммерция министрлигинде БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жумушчу жолугушуу болуп өттү

Новости
26-Май 2025-ж.
6573

2025-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Санжарбек Болотов менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Олег Гучгелдиевдин ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы кызматташтыкты талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн перспективдүү багыттарын белгилешти. Айрыкча, айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү, чакан жана орто айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле экотуризмди жайылтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Онлайн кайрылуу