Бакыт Сыдыков: Биз өлкөбүздүн туруктуу өсүшү жана эл аралык деңгээлде позицияланышы үчүн шарттарды түзүп жатабыз

Новости
23-Май 2025-ж.
333

#КРЭКМ жана «Жарташ» ЖЧК ортосунда ири инвестициялык долбоорду — эл аралык Ramada Resort by Wyndham Issyk-Kul бренди алдында көп функциялуу спорттук-мейманкана комплекстин курулушун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Бул долбоор Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде ишке ашырылып, 2025–2030-жылдарга карата Туризмди туруктуу өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагына кирет. Максаты — Кыргыз Республикасынын туристтик инфратүзүмүн чыңдоо жана өлкөнү эл аралык деңгээлдеги спорттук-ден соолукту чыңдоо туризм борбору катары көрсөтүү.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бул иш-чаранын маанисин белгилеп: «Бул жөн гана инвестициялык макулдашуу эмес — бул Ысык-Көл облусунун стратегиялык трансформациясына карай жасалган кадам. Жаңы курорт туристтик тармактын флагманына айланып, Кыргызстанга инвестициялар менен чет өлкөлүк меймандарды тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз өлкөбүздүн туруктуу өсүшү жана эл аралык деңгээлде позицияланышы үчүн шарттарды түзүп жатабыз», - деп билдирди.

Макулдашуунун алкагында инвесторго салыктык жана бажы жеңилдиктери, ошондой эле административдик коштоо көрсөтүлөт. Бул Кыргыз Республикасынын жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен ачык жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин көрсөтөт.

Ramada Resort by Wyndham Issyk-Kul комплекси төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ар түрдүү категориядагы 250–300 номерден турган мейманкана;

- олимпиадалык жана машыгуучу бассейндер, тренажердук жана реабилитациялык залдар;

- профессионалдуу спорттук даярдык үчүн инфратүзүм;

- эс алуу зоналары жана эл аралык иш-чаралар үчүн аянтчалар;

- 200дөн ашык жаңы жумуш орундары жана 10 жыл ичинде мамлекеттик бюджетке 9 млн АКШ долларынан ашык киреше алып келүүсү күтүлүүдө.

Долбоор инвестордун жеке менчигиндеги аймакта ишке ашырылып, учурда даярдык баскычында. Ramada бренди Wyndham Hotels and Resorts эл аралык тармагынын бир бөлүгү болуп саналат жана дүйнөнүн 95 өлкөсүндө 9300дөн ашык объектиге ээ.

Министрлик бул комплекс ишке берилгени мамлекет жана жеке сектор ортосундагы ийгиликтүү өнөктөштүктүн үлгүсү болуп, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жаңы туристтик кластердин өнүгүшүнө түрткү болоруна ишеним артып турат.

Онлайн кайрылуу