Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү полиэтилен калдыктарын гранулга кайра иштетүүчү линияны Кыргыз Республикасында түзүү инвестициялык долбоорду макулдашты

Торгпредства КР
23-Май 2025-ж.
201

2025-жылдын 22-майында #КРЭКМ караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү өзбекстандык «Nosirxon-Muslim» ЖЧК менен жолугушту.

Сапардын алкагында Ахангаран шаары менен Ташкент облусунда жайгашкан ишкананын өндүрүш аянттарына барып көрүү уюштурулду. Соода өкүлчүлүк компаниянын өндүрүш процесстери жана технологиялык чечимдери менен таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында өзбек тарап Кыргыз Республикасына инвестиция салууга жана өлкө аймагында өндүрүштү локалдаштырууга даяр экендигин билдирди. Негизги долбоорлордун бири — полиэтилен калдыктарын гранулга кайра иштетүүчү линияны түзүү. Бул гранулдар мындан аркы өндүрүш циклинде колдонулат.

Бул жолугушуу эки тараптуу өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө маанилүү кадам болуп, Кыргызстанда инвестицияларды кеңейтүүгө, технологияларды трансфер кылууга жана өндүрүш секторунун туруктуу өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Маалымат үчүн: Компания «Trade», «ALU-MAGNIT» жана «YASAR» бренддери менен алюминий композиттик панелдерди өндүрүүгө адистешкен. Аталган продукция курулуш тармагында — ички жана тышкы жасалгалоодо, кичи архитектуралык формаларда жана жарнамалык конструкцияларда кеңири колдонулат.

Онлайн кайрылуу