#КРЭКМ жана Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси биргелешкен демилгелерди илгерилетүүнү макулдашышты

Новости
23-Май 2025-ж.
186

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мехмет Мустафа Кемал Окем менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындай жооптуу кызматка дайындалуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга аракет кылууга жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө макулдашышты.

Онлайн кайрылуу