Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти ХОНГ Сокхва менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар министрлик менен KOICA ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана гранттык жардамдын алкагында санариптештирүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугун белгилешти.
Министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган иштер жөнүндө маалымат берди. Ал ошондой эле мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын камтыган 2030-жылга чейинки орто мөөнөттүү Улуттук өнүктүрүү стратегиясы даярдалганын белгиледи. Тараптар стратегиянын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда KOICA вице-президенти Кыргыз Республикасына болгон кызыгуу жогорулап жатканын белгилеп, белгиленген максаттарга жетүүдө корей тарап колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.