2025-жылдын 21-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Экинчи Кыргыз-Сауд ишкердик кеңешинин жыйынында куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Иш-чаранын алкагында министр Сауд Аравия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы Хассан Моаджеб Аль-Хувейзи менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген өнөктөштүктү чыңдоого болгон берилгендигин тастыкташты.