Быйыл 1875-жылдын 20-майында Парижде Сааттар залында кол коюлган Метрикалык Конвенциянын 150 жылдыгы белгиленет.
“Бул окуя заманбап өлчөө системасынын жана метрология жаатындагы эл аралык кызматташтыктын пайдубалын түптөдү.
Бир жарым кылымдын ичинде метрология жөнөкөй механикалык өлчөөлөрдөн кванттык технологияга, улуттук стандарттардан глобалдык өлчөө тутумдарына чейин өнүгүүнүн эбегейсиз жолун басып өттү.
Бүгүнкү күндө метрология өнөр жайды, илимди, сооданы өнүктүрүүдө жана адамдардын жашоо сапатын камсыз кылууда негизги ролду ойнойт .
Быйыл Бүткүл Дүйнөлүк метрология күнүн майрамдоо “Өлчөө бардык мезгил үчүн жана бардык адамдар үчүн!” деген ураандын астында өтүүдө.
Тегерек столдо “Кыргызстандарттын жетишкендиктери жана өнүгүү жолдору жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу:
натыйжалар жана перспективалар” жана “Кыргыз Республикасында метрология боюнча адистерди даярдоо” деген кызыктуу баяндамалар болду.
Иш-чарага КР ЭКМ караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун, Кыргыз аккредитация борборунун, ЭКМ караштуу Монополияга каршы өнүктүрүү кызматынын, ЖОЖдордун, ведомстволордун жана уюмдардын метрологиялык кызматтарынын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдо өзгөчөлөнгөн адистерге сыйлыктар тапшырылды.