Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков ОАО «Элдик банк» жана ОАО «МКК “Ишкерликти өнүктүрүү фонду”» менен «Аялдар ишкерлигин өнүктүрүү» демилгесинин алкагында аялдардын бизнесин жеңилдетилген шартта каржылоо долбоорун ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол койду.
Программа өлкө аймактарындагы аялдардын бизнес демилгелерин туруктуу колдоого жана алардын каржылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган.
Долбоор Азия өнүктүрүү банкы аркылуу Япониянын кедейчиликти кыскартуу фонду тарабынан каржыланууда. Каржылоонун көлөмү 40 миллион сомду түзөт жана бул каражаттар грант түрүндө берилет.
Жеңилдетилген кредиттер Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары аймактарда иш алып барган аял‑ишкерлерге 12 % жылдык ченден жогору эмес, 8 жылга чейин берилет.
Кол коюу аземинде министр Бакыт Сыдыков бул программа аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жана колдоо боюнча мамлекеттик дагы бир маанилүү кадам экенин белгиледи.
Долбоордун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025‑жылдын 14‑февралындагы № 81 токтому менен бекитилген.