2025-жылдын 15–17-май күндөрү Москва шаарында өткөн БРИКСтин Экинчи Аялдар ишкердиги форумуна Кыргыз Республикасынын делегациясы Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Гүлшат Асылбаева жетектеген курамда активдүү катышты. Форум 50дөн ашуун мамлекеттен келген 1,5 миңден ашуун делегатты бириктирип, саясий ишмерлерди, өнөр жай өкүлдөрүн жана түрдүү деңгээлдеги компаниялардын жетекчилерин бир аянтчага чогултту.
Форумдун максаты — ишкерлер арасындагы байланыштарды кеңейтүү жана бизнес‑долбоорлорду ишке ашырууну жеңилдетүү. Түрдүү талкуу аянтчаларында дүйнөнүн булуң‑бурчунан келген катышуучулар өз долбоорлорун, иштеп чыгуулары менен тажрыйбаларын жана өнүгүү технологияларын бөлүштү.
Өзгөчө көңүл панелдик сессияларда аймактык кызматташуунун келечеги, жогорку технология, креативдүү индустрия жана өзгөчө экономикалык зоналарды өнүктүрүү чөйрөлөрүндө соода‑экономикалык байланышты кеңейтүү маселелерине бурулду. Ошондой‑ эле соода‑инвестициялык кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды.
Ар кандай талкуу аянтчаларында дүйнөнүн төрт бурчунан келген катышуучулар өз долбоорлору, иштеп чыгуулары, билимдери жана өнүктүрүү технологиялары менен бөлүшүштү.
Форумдун алкагында делегация «Велфарм» фармацевтикалык заводуна барды. Тараптар фармацевтика жана биотехнология жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Бул багыт Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоо жана инновацияларды киргизүү стратегиясына шайкеш келет.