KazanForum 2025: Кыргызстандык адал-продукт өндүрүүчүлөрдүн Соода үйү ачылды

Новости
16-Май 2025-ж.
130

2025-жылдын 14–17-май күндөрү Казань шаарында КР ЭКМ караштуу «Адал индустриясын онуктуруу боюнча» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле адал жана органикалык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен ата мекендик компаниялар “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2025” эл аралык экономикалык форумуна катышууда.

КР бул иш-чарага катышуусу өлкөбүздүн адал индустриясын өнүктүрүүгө жана ислам дүйнөсүнүн мамлекеттери менен экономикалык жана соода байланышты кеңейтүүгө багытталган аракетин тастыктайт.

Форумдун алкагында, КР Президенти Садыр Жапаровдун жана Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Миннихановдун колдоосу менен Казань шаарынын агроөнөр жай комплексинде кыргызстандык адал өндүрүүчүлөрдүн Соода үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев, Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Генералдык консулу Эрик Бейшембиев, КР ЭКМ Адал индустриясын онуктуруу боюнча» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков, ошондой эле «Болашак» ЖЧК директору Рустам Сафиулин катышты.

Кыргыз Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, экспорт көлөмүнүн өсүшүнө, кирешелердин көбөйүшүнө жана ишкердик менен экономиканын мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө болот.

KazanForum алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын онуктуруу боюнча» мамлекеттик мекемесинин менен Татарстан Республикасынын Борбордук диний уюму — Мусулмандардын руханий башкармалыгынын алдындагы “Адал стандарты” комитети — продукциянын сапатын көзөмөлдөө боюнча Жеке мекеме өз ара таануу тууралуу Меморандумга кол коюшту.

Бул документке кол коюу Кыргызстан менен Татарстан ортосунда адал продукцияны сертификациалоо жана жайылтуу боюнча кызматташууну тереңдетүүгө шарт түзөт.

Форумдун алкагында кыргыз компаниялары эл аралык адал стандарттарына жооп берген, жогорку сапаттагы, инновациялык жана органикалык продукцияларды сунуштап жатышат. Бул алардын дүйнөлүк адал рыногундагы позициясын бекемдөөгө жана жаңы бизнес өнөктөштөрдү тартууга мүмкүндүк берет.

“KazanForum 2025” алкагында өтүп жаткан “Russia Halal Expo” эл аралык көргөзмөсүнө:

• “Шоро” ААК;

• “Адал Азык” ЖЧК ( “Тойбосс” СМ);

• “Салих ЛТД” ЖЧК;

• “Кайнар Групп” ЖЧК;

• “Сонун” ЖЧК;

• “Bionur” ЖЧК;

• “Ак Турпак” ЖЧК;

• “Алия” ЖЧК жана башка ата мекендик компаниялар катышууда.

Татарстан Республикасынын борбору Казань шаарында өтүп жаткан “KazanForum 2025” форуму — Россия менен ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрү ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөөчү маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.

Онлайн кайрылуу