Иштетүүчүлөрдү колдоо: табигый суусундуктарга болгон акциздик салык төмөндөтүлдү

Новости
15-Май 2025-ж.
223

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 13-майындагы № 253 токтому кабыл алынды. Ал «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелерин ишке ашыруу чаралары жөнүндө» 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган. Бул токтом кыргызстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн сатып алынган жемиштерден, кургатылган жемиштерден жана мөмөлөрдөн шекер кошуу менен даярдалган компот, шербет, нектар жана морс өндүргөн жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн салыктык жүктү азайтууга багытталган.

Бул токтом 2025-жылдын 15-майынан тартып акциздик салыктын жеңилдетилген ченин – 1 сом/литр өлчөмүндө белгилөөнү карайт. Бул чара продукциянын өзүндук наркын төмөндөтүүгө, анын ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 Жарлыгында белгиленген айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмүн көбөйтүү боюнча милдеттерди аткарууга өбөлгө түзөт.

Документ Мамлекеттик салык кызматы жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен кызматташтыкта иштелип чыккан. Коомдук талкуу жүргүзүү алкагында токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана агрардык бизнес өкүлдөрүнүн пикирлерин эске алуу менен такталып, толуктоолор киргизилген.

Акциздик салыктын төмөндөтүлүшү — бул табигый суусундуктарды өндүргөн ички өндүрүштү туруктуу өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Анын аркасында табигый компоттор, нектарлар жана морстар калк үчүн жеткиликтүүрөөк болуп, ошол эле учурда жергиликтүү фермерлердин продукциясына болгон суроо-талап өсөт.

Онлайн кайрылуу