Ангренге болгон сапар: тери тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө карай кадам

Торгпредства КР
15-Май 2025-ж.
343

Соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында КР ЭКМ караштуу Өзбекстан Республикасындагы КР Соода өкүлчүлүгү 2025-жылдын 14-майында Ангрен шаарында жайгашкан тери иштетүүчү ишканага иш сапар менен барды.

Сапардын алкагында Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү ишкананын өндүрүш процесси менен таанышып, чийки затты иштетүүнүн баскычтарын, тери иштетүү технологияларын жана учурдагы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыгышты.

Өндүрүштү сапаттуу чийки зат менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта завод жетекчилиги менен Кыргызстандын ири мүйүздүү малдын терисин жеткирүү мүмкүндүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Өзбек тарап эл аралык стандарттарга жооп берген жогорку сапаттагы чийки затты үзгүлтүксүз жеткирүүгө кызыкдар экендигин билдирип, бул өндүрүштүк циклдин натыйжалуулугун жогорулатууга жана даяр продукциянын түрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Бул иш сапар жеңил өнөр жай тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болуп, тараптардын мындан аркы өнөктөштүктү чыңдоого болгон өз ара кызыкчылыгын тастыктады.

Онлайн кайрылуу