Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги токтому менен бекитилип, 2025-жылдын 3-майында күчүнө кирди.
Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
31-декабрындагы “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана кирген жана чыккан автотранспортторго контролду жогорулатууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле өлкөнүн аймагында чет өлкөлүк транспорт каражаттарын мыйзамсыз пайдаланууну болтурбоого багытталган.
Бул чара колдонулган автотранспорт каражаттарынын “боз рыногун”, бул автотранспорт каражаттарын ЕАЭБдин айрым мүчө мамлекеттеринин аймагынан алып келүүнүн мыйзамсыз каналдарын жоюу, ошондой эле Бурабай протоколунун (Казакстан Республикасында импорттук бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн коюмдарын төлөө менен) алкагында Казакстан Республикасынын аймагына мурда алып келинген автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү жоюу максатында кабыл алынган.
Жаңы тартиптин негизги жоболору:
1. Чет өлкөлүк транспорт каражаттарын өткөрүү “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык катнаштын өткөрмө пункттары аркылуу гана жүзөгө ашырылат.
2. Бардык чет өлкөлүк автотранспорт каражаттары маалыматтарды тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына (ТМЭБС) киргизүү менен милдеттүү чек ара жол-жоболоштурулууга тийиш. Маалымат автоматтык түрдө издөөдө жүргөн унааларды аныктоо үчүн ИИМ системалары менен интеграцияланат.
Бул учурда, ТМЭБСке маалыматтарды киргизүү үчүн талап кылынат:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жарандардын өз ара сапарлары жөнүндөгү эл аралык макулдашууларга ылайык Мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна документ (транспорт каражатынын ээси жөнүндө маалыматтар);
б) транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк:
– каттоо (транзиттик) номери;
– маркасы, модели;
– түрү (жеңил, жүк ташуучу);
– автотранспорт каражатынын идентификациялык номери;;
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери.
3. Эл аралык келишимдердин негизинде Мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарынын кирүүсүнө (ташып кирүүсүнө), чыгуусуна (ташып чыгуусуна) уруксат берүүдө ТМЭБСке кошумча төмөнкүдөй документтер киргизилет:
– ар кандай категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун тастыктаган документ (айдоочулук күбөлүк);
– транспорт каражаты ээси жок болгондо ошол транспорт каражатына ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугун ырастоочу документ.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарына башка мамлекетте катталган жана катталган өлкөдө эсептен чыгарылбаган (чет өлкөлүк каттоо номердик белгилери менен) автотранспорт каражаты менен Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынат. Көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө алар башка мамлекеттин аймагында эсептен чыгарылган жана кийин Кыргыз Республикасында эсепке коюлган шартта гана уруксат берилет.
5. Чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаты менен алты айдан ашпаган мөөнөткө кирүүгө уруксат берилет. Бул мөөнөт аяктагандан кийин бул автотранспорт каражатын кеминде 30 календардык күнгө алып чыгууга тийиш. Белгиленген мөөнөттөрдү бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларына алып келет.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарын пайдаланууга автотранспорт каражаты техникалык кароодон өткөндүгүнүн фактысын ырастаган колдонуудагы документ жана жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишими болгондо гана жол берилет. Бул талаптар Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда турган автотранспорт каражаттарына жайылтылбайт.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк транспорт каражаттарын пайдалануу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
– автотранспорт каражатын, чиркегичти мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
– автотранспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси;
– стикер – мамлекеттин айырмалоочу белгиси (1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын 37-беренеси);
– автотранспорт каражатынын техникалык кароодон өтүү фактысын ырастаган документ;
- автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими.
Ошол эле учурда, ушундай тартип Казакстан Республикасында киргизилгенин белгилейбиз.
Алсак, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 24-ноябрындагы “Казакстан Республикасынын аймагына башка мамлекеттин компетенттүү органында катталган автотранспорт каражаттарын киргизүүнүн (алып келүүнүн) жана аларды Казакстан Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун эрежелерин жана талаптарын бекитүү жөнүндө” №1031 токтомунун жоболоруна ылайык, Казакстан Республикасынын аймагында башка мамлекетте катталган (чет өлкөлүк каттоо белгилери бар) автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо алардын эл аралык кыймылга катышуусу үчүн гана мүмкүн.
Казакстан Республикасынын жарандарына, ошондой эле Казакстан Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүктөргө автотранспорт каражаттарын айдоого тийиштүү документтерди жана мамлекеттик номерлерди берүү менен аларды Казакстанда каттоо жана каттоого коюу шартында гана уруксат берилет.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарын ташып кирүүнү (аймагынан ташып чыгарууну) жөнгө салган укуктук ченемдик же башка актылар болгон эмес.