2025-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. А. Касымалиевдин тапшырмасы боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы цементтин баасына мониторинг жүргүзүлдү.

Новости
07-Май 2025-ж.
96

Мониторингдин жүрүшүндө Кызматтын кызматкерлери тарабынан цемент рыногунун катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын негизги максаты – цемент продукциясына негизсиз баа көтөрүүнүн алдын алуу болгон.

Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жагдайлар аныкталды:

• Республиканын түштүк аймактарында цементке болгон баа жана жеткирүү жагдайы туруктуу бойдон калууда;

• Түндүк региондордо М-400 маркасындагы, 50 кгдык каптагы цементтин баасы жогорулаганы белгиленди. Бул, негизинен, кээ бир цемент заводдорунда жүрүп жаткан убактылуу оңдоо иштерине жана сезондук факторго байланыштуу.

Мисалы, «Терек-Таш» цемент заводу боюнча оңдоо иштери 14-майда аяктап, 15-майдан баштап ишкананын толук кубаттуулукта иштөөсү башталат. Ал эми Кант цемент заводу (КЦЗ) пландуу тартипте иштеп, продукцияны мурунку көлөмдө жеткирүүдө. Өнүм жеткирүүдөгү артыкчылыктуу багыттар – улуттук инфраструктуралык объектилерди жана калкты үзгүлтүксүз камсыздоо болуп саналат.

Курулуш мезгилинин жанданышы менен байланыштуу, айрым жергиликтүү цемент өндүрүүчү заводдор продукциянын чыгуу баасын 10–20 сомго чейин аз гана деңгээлде көтөргөнү белгилүү болду. Айрым заводдор болсо бааларды мурунку деңгээлде кармап турушат. Продукциянын негизги бөлүгү ири жеткирүүчүлөргө, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) жөнөтүлүп жатат. Бул экинчи деңгээлдеги рынокто цементтин жетишсиздигине жана анын баасынын жогорулашына алып келүүдө.

Ушул кырдаалга байланыштуу Кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жер-жерлерде мониторинг жүргүзүлүп, сатуучулар менен негизсиз баа көтөрүүнү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Айрым региондордо цементке болгон баалар төмөндөгөнү байкалууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы курулуш материалдары рыногундагы баа туруксуздугуна байланыштуу тобокелдиктерге ыкчам чара көрүү максатында күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантат.

Онлайн кайрылуу