“Адистештирилген тамак-аш продукциясынын, анын ичинде диеталык дарылык жана диеталык профилактикалык тамактануунун өзүнчө түрлөрунүн коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 027/2011) Бажы бирлигинин техникалык регламенти жана “Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар” (ББ ТР 029/2012) Бажы бирлигинин техникалык регламенти

Новости
12-Май 2025-ж.
96

Министрлик, ЕЭК Коллегиясынын “Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 16-октябрындагы № 168 Чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 7-февралындагы № 21 Чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечимдеринин долбоорлорун коомдук талкуулоо өткөрүү жөнүндө маалымдайт. 

Долбоорлор Бажы бирлигинин “Адистештирилген тамак-аш продукциясынын, анын ичинде диеталык дарылык жана диеталык профилактикалык тамактануунун өзүнчө түрлөрунүн коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 027/2011 Бажы бирлигинин техникалык регламенти жана “Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар” (ББ ТР 029/2012) Бажы бирлигинин техникалык регламентеринин  стандарттарынын тизмегине жана аларга карата материалдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Чечимдердин долбоору жана аларга карата материалдар Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтында төмөнкү даректерде: https://regulation.eaeunion.org/pd/3015/ жана https://regulation.eaeunion.org/pd/3016/   жайгаштырылганын билдиребиз.

Онлайн кайрылуу