2025-жылдын 3-майында Чолпон-Атада Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген туризм мекемелеринин өкүлдөрүн, бизнес жана эксперттик коомчулукту чогулткан Эл аралык туризм форуму өттү.
“Tourism 2030: Central Asia as a Single Tourism Space” — туруктуу туризмди өнүктүрүүгө, чек аралык маршруттарды түзүүгө, инфратүзүмдү жаңылоого жана Борбордук Азиянын бирдиктүү туристтик образына басым жасады.
Форум аймактык өнөктөштүктү чыңдоонун жана Борбордук Азияны глобалдык аренада бирдиктүү, кызыктуу туристтик багыт катары илгерилетүүнүн маанилүү аянтчасы болду.