Кыргызстанда ЧОИ үчүн жеңилдетилген насыя долбоору башталат

Новости
30-Апрель 2025-ж.
215

2025-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкерлик субъекттерине (ЧОИ) жана жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштайт.

Долбоор 2025–2030-жылдарды камтып, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана бизнес үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Долбоор мамлекеттин республикалык бюджеттин жана «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК микрокредиттик компаниясынын (мындан ары —«ИӨФ» ААК) 500 миллион сом өлчөмүндөгү өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Долбоордун негизги параметрлери:
• Насыялар боюнча максаттуу пайыздык ставкасы — жылына 8%;
• Насыянын мөөнөтү — 60 айга чейин;
• Бир насыянын максималдуу суммасы — 5 млн сомго чейин;
• Максаттуу тармактар — тамак-аш, текстиль, химия, фармацевтика, резина жана пластмасса продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү, электрондук жана электр жабдууларын, курулуш материалдарын чыгаруу, ошондой эле туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо, стартап-долбоолор жана башка багыттар.

Насыялар «ИӨФ» ААК тарабынан кайтарымдуу негизде, револьвердик механизм аркылуу берилет. Бул кайтарылган каражаттарды ишкерлерди андан ары кредиттөө үчүн кайрадан пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Зайымчылардын пайыздык жүгүн азайтуу үчүн КР Финансы министрлиги аркылуу КР Министрлер Кабинети жылдык 4% деңгээлинде пайыздык ставканы субсидиялайт. Бул акыркы карыз алуучуга жылдык болгону 8% чен боюнча насыя алууга мүмкүндүк берет. Субсидиялар "ИӨФ" ААК табыштамаларынын негизинде насыянын мөөнөтүнө жараша транш менен берилет.

Долбоордун жооптуу аткаруучулары:
• Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
• Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
• «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК.

Онлайн кайрылуу