Кыргызстан–Иран 14-ӨАКсы: соода, агрардык сектор жана өнөр жай кызматташтыгына басым

Новости
29-Апрель 2025-ж.
301

2025-жылдын 28-апрелинде Тегеранда Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 14-жыйыны өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Иран Ислам Республикасынын айыл чарба министри доктор Голамреза Нуринин төрагалыгы алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө соода, айыл чарба, энергетика, логистика жана транспорт, санариптештирүү, гуманитардык кызматташтык жана эки тарап үчүн өз ара кызыкчылыкты жараткан башка тармактар боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйынтыгында кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган жана биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашырууну камтыган жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө багытталган макулдашылган чараларды кабыл алуу тууралуу келишимге жетишишти.

Аны менен бирге, бул сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Иран Ислам Республикасынын айыл чарба министри доктор Голамреза Нури-Гезельдже менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү. Тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, анын ичинде айыл чарба продукциясы менен соода жүргүзүү, агротехнологияларды колдонуу жана адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты. Айрыкча азык-түлүк коопсуздугу, туруктуу айыл чарба өндүрүшү жана Кыргыз-иран инвестициялык комитетин түзүү боюнча Рамкалык келишимге кол коюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Бакыт Сыдыков Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен байлыктар жана соода министри Сейед Мохаммад Атабак менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, технология алмашуу, биргелешкен ишканаларды түзүү жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл жер казынасын пайдалануу жана жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого бурулду. Ошондой эле ишкер чөйрөлөрдү колдоо чаралары жана өнөр жай кызматташтыгы үчүн туруктуу платформа түзүү маселелери да каралды.

Онлайн кайрылуу