2025-жылдын 28–30-апрелинде Ташкентте «ИННОПРОМ. Борбордук Азия» 5-чи Эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө.
Бул көргөзмөгө Кыргызстан алгачкы жолу сегиз атамекендик «Кыргызэлектроника» ЖЧК, «Скай Тунук» ЖЧК, «Айко-Сейко» ЖЧК, «Медимпекс» ЖЧК, «СтартПро» ЖЧК, «Промсталь Инжиниринг» ЖЧК, «Кант ТШП» ЖЧК, «Кант Девелопмент» ЖЧК өндүрүүчү компаниялар менен катышууда.
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспозициясы менен жеке таанышып чыкты.
«Медимпекс» ЖЧК компаниясынын продукциясы өзгөчө кызыгууну жаратты — бул компаниянын продукциясы технологиялык деңгээли жана дүйнөлүк стандарттарга шайкештиги үчүн жогору бааланып, КМШ аймагындагы инсулин шприцтерин өндүргөн жападан жалгыз завод болуп саналат.
Кыргызстандык ишканаларынын тарабынан инновациялык чечимдер, жогорку сапаттагы продукциялар жана заманбап технологиялар сунушталып, алар эл аралык өнөктөштөрдүн жана көргөзмөгө келген көптөгөн коноктордун чоң кызыгуусун жаратты.
Ошондой эле, мындай масштабдуу көргөзмөгө катышуу — эл аралык рынокко чыгууга жана өлкөнүн өнөр жай тармагына инвестиция тартууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Маалымат үчүн:
ИННОПРОМ — бул дүйнөнүн түрдүү бурчунан келген өндүрүүчүлөр менен байерлерди бириктирген эл аралык аянтча. Көргөзмө алдыңкы технологияларды таанытуу, эл аралык рынокко чыгуу жана ишенимдүү бизнес байланыштарды түзүү үчүн эффективдүү В2В платформасы болуп саналат.