Бакыт Сыдыков Ирандын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту

Новости
28-Апрель 2025-ж.
454

Тегеранда өтүп жаткан Эл аралык Экспо көргөзмөсүнүн алкагында талкулоонун негизги темасы Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү  болду. Өзгөчө көңүл өнөр жай, айыл чарба, туризм, курулуш жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташууга бурулду.

Кыргызстандын атынан көргөзмөгө #КРЭКМ Бакыт Сыдыков катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ал Ирандын компанияларынын жетишкендиктери менен таанышып, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, соода жана инвестициялык алакаларды кеңейтүү боюнча багыттарды талкуулады.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты чыңдоого болгон өз ара кызыкдарлыгын билдиришип, келечектүү тармактар боюнча биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды иштеп чыгууну макулдашышты.

Онлайн кайрылуу