Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Ислам Республикасынын Иранга болгон иш сапарынын алкагында Ирандын биринчи вице-президенти, Урматтуу Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, анын мындан аркы өнүгүшүнө болгон өз ара кызыгууларын тастыкташты. Тараптар товар жүгүртүүнү жогорулатуу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Ирандын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, кыргыз товарларын Жакын Чыгыштын рынокторуна чыгаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушууда экономикалык байланыштарды күчөтүү эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктарына жооп берип, ишкер чөйрөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү белгиленди.
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 14-жыйынынын маанилүүлүгүн белгилешти. Бул жыйын практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негизги аянтча катары кызмат кылып, өнөктөштүктү тереңдетүүгө көмөктөшөрү айтылды.