Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ирандын Улуттук өнүктүрүү фондунун президенти Махди Газанфари Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жыйынынын алкагында Тегеран шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы биргелешкен инвестициялык комитеттин аткаруу алкагын түзүүгө багытталган Макулдашуу Меморандумуна кол коюлду.
Министр Бакыт Сыдыков Иран–Кыргыз инвестициялык офисин тез арада ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын Кыргызстан экономикасынын өнөр жай, энергетика, инфраструктура жана башка негизги тармактарына ирандык инвестицияларды тартуудагы ролун белгиледи.
Кол коюлган Меморандумдун алкагында Ирандын Улуттук өнүктүрүү фонду 50 миллион евро көлөмүндөгү кредиттик линияны камсыздайт. Бул каражаттар Ирандын техникалык жана инженердик кызматтарын Кыргыз Республикасына экспорттоону колдоого багытталат.
Тараптар жетишилген макулдашуулар эки тараптуу экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө жана соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө негиз болоруна ишеним билдиришти.